Кочкордо эки унаа сүзүшүп, 43 жаштагы жүргүнчү каза болду

© Фото / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жигули" унаасынын айдоочусу жабыркаган эмес, ал эми экинчи айдоочунун колу сынган.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Кочкордо эки унаа кагылышып, унаалардын бириндеги 43 жаштагы жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык Кочкор — Нарын жолунда болгон. Мында "Жигули" менен Volkswagen Passat унаалары сүзүшүп, бир айдоочунун колу сынган. Экинчиси эч кандай жаракат алган эмес. Volkswagen Passat унаасындагы көз жумган жүргүнчүнүн Космос Баянов аттуу жаран экени белгилүү болду.

Куткаруучулар эми адамды автоунаадан чыгарышып Тез жардам автоунаасына салып беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0