Нью-Йоркто эки кыргызстандык жол кырсыгына кабылды, бирөөсүнүн абалы оор

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүНью-Йорк шаарынан полиция кызматкерлери. Архив
Нью-Йорк шаарынан полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуяга күбө болгондор автоунаа жол чырагын сүзгөндө жарылуу болгондой катуу үн чыкканын айтышкан.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Бруклин районундагы 24-майда таңкы саат алтылар чамасында автокырсык катталып, анда эки кыргызстандык жаран жабыр тартты. Бул тууралуу Нью-Йоркто жашаган Бакыт Татибеков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Оорукана кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алматы — Бишкек жолундагы кырсыктан каза болгондордун арасында бир КР жараны бар
Жол кырсыгы тууралуу маалыматты brooklyn.news12.com каналы да билдирди. Анын маалыматына ылайык, катуу ылдамдыкта келе жаткан автоунаа жол чырагын сүзгөн. Автоунаанын айдоочусу оор абалда жана жаракат алган жүргүнчү аял ооруканага жеткирилген.

Окуяга күбө болгондор автоунаа жол чырагын сүзгөндө жарылуу болгондой катуу үн чыкканын айтышкан.

Татибеков оор абалда ооруканага жеткирилген бала менен бир үйдө жашарын айтып, Кыргызстандагы туугандары менен байланышканын билдирди. 

Ал арада Тышкы иштер министрлиги аталган окуянын чоо-жайын аныктай турганын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0