БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан 16-майдан 22-майга чейин 13,5 килограммга чукул баңгизат алынганын аталган кызмат билдирди.
Бул кылмыш боюнча алты жаран кармалган. Аларга кылмыш жаза кодексинин 247-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) боюнча кылмыш иши козголду.
Алынган баңгизатын курамында марихуана жана героин бар.