Баткендин Исфана шаарындагы базар толугу менен күйүп кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековӨрт өчүрүү кызматкерлери. Архив
Өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтар боюнча кырсыктан жабыркагандар жок.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Баткендин Исфана шаарындагы базар өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Лейлек району боюнча айыл чарба департаментинин башчысы Исамидин Кеңешбаев билдирди.

Анын айтымында тилсиз жоо толугу менен өчүрүлдү.

"Кырсык болгон жерде турабыз. Өрт толугу менен өчүрүлдү. Бир аз эле түтүндөр чыгып жатат", — деди Кеңешбаев.

Ал эми ӨКМден билдиришкендей өрт болжолдуу 700 чарчы метр аймакка жайылган.

Учурда тилсиз жоонун чыгуу себеби такталууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча кырсыктан жабыркагандар жок.

Исфанадагы өрттөнгөн базардын асмандан көрүнүшүн Sputnik Кыргызстан видеосунан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0