Кыргызстандын жасалма паспорту менен 98 уйгур Түркиядан кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын паспорту. Архив
Кыргыз Республикасынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алар жасалма паспорт менен Үрүмчү шаарынан Түркиянын Стамбул шаарына учуп келишкен.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Үрүмчү шаарынан Стамбулга келген 98 уйгур жараны Кыргызстандын жасалма паспорту менен Сауд Аравияга кетүүгө аракет кылганда кармалды. Бул тууралуу Түркиянын Hürriyet басылмасы билдирди. 

Паспорт жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: адам өлтүрүүгө шектелген кылмышкерге мыйзамдуу түрдө паспорт берилген
Маалыматка ылайык, шектүү жарандар Стамбулдагы Ататүрк аэропортунан кармалган. Басылма бир паспорт үчүн алар 2 миң 500 евродон, ал эми билеттер үчүн 300 доллардан бергенин айтышканын белгилейт.

Шектүүлөрдү акмалаган полиция Жидда багыты боюнча учууга камынган 98 уйгур менен дагы 4 кишини кармаган. 98 уйгур жараны тийиштүү иштер аткарылгандан кийин Кытайга депортацияланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0