Нөшөрдөн улам Бишкектеги эки жаңы конушту суу каптады

Жазылуу
Арыктардын туура эмес салынышынан улам суу турак үйлөрдү каптаганын ӨКМ айтууда.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Бишкек шаарындагы "Арча-Бешик" жана "Ак-Ордо" жаңы конуштарындагы бир нече үйдү суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жаан көлчүгү - Sputnik Кыргызстан
Жаанга бай май айы. Суунун көлөмү канча болду?
Маалыматта 16-майда түшкө жуук нөшөрлөп жааган жамгырдан улам арыктан чыккан суу "Арча-Бешик" Кара-Кужур, Чортеков, Шербет жана Бердибаев көчөлөрүндөгү бир нече үйдү каптап кеткен.

ӨКМ арыктардын туура эмес салынышы жана анын маалында тазаланбаганы окуяга себеп болгонун айтууда.

Ушундай эле абал "Ак-Ордо" жаңы конушунда катталып, ал жактан да бир нече үйдүн короосуна суу кирген.

Куткаруучулар сууларды сордуруп, жарандык коргоо комиссиясы жеринде иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0