Бишкекте 84 килограмм күмүш менен түрк жараны кармалды

© Sputnik / Юрий Сомов / Медиабанкка өтүүКүмүш куймасы. Архив
Күмүш куймасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баалуу металлдын болжолдуу баасы 2 миллион 520 миң сомду түзөт.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Бишкекте 84 килограмм күмүш менен түрк жараны кармалганын Финансы полициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, баалуу металлдын болжолдуу баасы 2 миллион 520 миң сомду түзөт.

Кармалган жаран камакка алынып, Кылмыш жаза кодексинин 208-беренеси (Баалуу металлдарды мыйзамсыз сатуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0