Ош менен Жалал-Абадда ок атуучу куралдарды сактоого шектелгендер кармалды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүОктор. Архив
Октор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ички иштер министрлиги ок атуучу курал жарактарды сактоо, жасоо, оңдоо, сатуу жана алып жүрүү кылмыш катары эсептелип, мыйзам чегинде жоопко тартуу каралганын эскертет.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Мыйзамсыз ок атуучу куралдарды сактоого шектелген жарандар Ош жана Жалал-Абад облустарында кармалышты. Бул тууралуу ички иштер министрлиги билдирди. 

Басылмалар: "Калашников" кийим жана башка буюмдарды чыгаруу ниетинде
Маалыматка ылайык, ыкчам-иликтөө иштери жүрүп Жалал-Абад облусунда 57 жана 61 жаштагы эки жарандын үйүнөн ок атуучу куралдардын бир нече түрлөрү табылган. 

Ошондой эле Ош облусунда дагы мыйзамсыз курал сактоо фактысы катталган. Тагыраагы, Алай районунда 64 жаштагы жарандан ТОЗ-8 үлгүсүндөгү документсиз курал табылган. 

Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтөө иштери уланууда. 

Белгилей кетсек, ички иштер министрлиги ок атуучу курал жарактарды сактоо, жасоо, оңдоо, сатуу жана алып жүрүү кылмыш катары эсептелип, мыйзам чегинде жоопко тартуу каралганын эскертет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0