Токтогулда нөшөрдөн пайда болгон сел 100 койду агызып кетти

© Sputnik / Таалай ОроскуловЖалал-Абад. Архив
Жалал-Абад. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тактоо иштерин жүргүзүү үчүн райондук Жарандык коргоо комиссиясы жөнөп кеткен.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Жалал-Абаддын Токтогул районуна караштуу Өзгөрүш айылында сел жүрүп 100 койду агызып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Чагылган түшүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кадамжайда чагылган трансформаторго түшүп, анын айланасында оттоп жүргөн 10 кой өлдү
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 15-май күнү, түнкү саат саат 2:30дар чамасында каттуу жааган жамгырдын кесепетинен Тактык жайлосунда сел жүргөн.

Изилдөө, тактоо иштерин жүргүзүү үчүн райондук Жарандык коргоо комиссиясы жөнөп кеткен.

Эскерте кетсек, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кара-Жыгач айылынын Данги участогунда чагылган трансформаторго түшүп, ал иштен чыккан. Андан сырткары трансформатордун айланасында оттоп жүргөн 10 кой өлгөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0