Жалал-Абадда Хизб ут-Тахрир уюмунун беш мүчөсү кармалды

Жазылуу
Кармалгандар буга чейин милициянын каттоосунда турушкан.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Жалал-Абад облусунда Хизб ут-Тахрир уюмунун беш мүчөсү кармалганын Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. 

Калашников автоматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМКнын экс-башчысы: Москвада даярдалган терактылар кайдыгерликтин натыйжасы
Маалыматка ылайык, Хизб ут-Тахрир экстремисттик уюмунун активдүү беш мүчөсү милициянын каттоосунда турган. Анын негизинде тинтүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада чоң көлөмдөгү экстремисттик маанайдагы материалдар табылган. 

Аталган иш боюнча материалдар Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, иликтөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0