ИИМ: Москвада кафедеги чатакта Касымов украиналык мигранттын колунан каза тапкан

Жазылуу
Маалыматтарда Касымовдун Москва шаарына келгендигине төрт жылга чукулдаганы жана чач тарач болуп иштегени айтылууда.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Москва шаарында кафедеги чатакта каза болгон кыргызстандык Актан Касымовго кол көтөргөн Украинадан келген мигрант экендигин КР ИИМдин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Аскат Алиев билдирди. 

Алиев учурда Касымов боюнча иш Мамлекеттик тергөө комитетинин Рязанск райондук тергөө бөлүмүндө иликтенип жаткандыгын айтты. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин кылмыш иши козголот. 

Анын маалыматында Касымов менен анын жанындагы бала 30-апрелден 1-майга караган түнү Москва шаарындагы кафенин ичинде чылым чеккендиги үчүн аталган жайдын күзөт кызматы менен уруша кеткен.

"Беркилер балдарга айып салган. Сыртка чыкканда чатак чыгып кетип, күзөт кызматкери бир урганда, Касымов кулап түшүп, көз жумган",— деди ИИМ өкүлү.

Маалыматтарда Касымовдун Москва шаарына келгендигине төрт жылга чукулдаганы жана чач тарач болуп иштегени айтылууда.

"Тергөө иштеринде чатак чыкканда Касымовго кол көтөргөн, кафенин күзөт кызматкери Украинадан келген мигрант экендиги айкын болду. Укук коргоо кызматкерлери ал Москвага иштөө үчүн келгендигин билдиришти", — деп айтты Алиев.

Баланын сөөгү Кыргызстанга кечээ жиберилди деп кошумчалады ИИМдин өкүлү.

Жаңылыктар түрмөгү
0