Ала-Букада жоокерлердин бычакташа кетиши боюнча кылмыш иши козголду

Жазылуу
Буга чейин бычак сайган жоокер аталган аскердик бөлүктө экени айтылган. Эми окуя боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө башталды.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Жалал-Абад облусунун аскер прокуратурасы жоокерлердин бычакта кетиши боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 10-майда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы №30670 аскер бөлүгүндө эки жоокер мушташа кетип, бирөө экинчисин көкүрөк тушка бычак менен сайган.

Бычак кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сокулукта бычакташа кеткен жигиттердин бири каза болду
Жалал-Абад облустук аскер прокурору Сагындык Мукашевдин айтымында, эки жоокер тең бир убакта чакырылган. Мындан улам "дедовщина" тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес. Маалыматтар боюнча, жабыр тарткан аскердин абалы азыр жакшы. 

Буга чейин бычак сайган жоокер аталган аскердик бөлүктө экени айтылган. Эми окуя боюнча Кылмыш жаза кодексинин 358-беренесинин (Тең укуктагы жоокерлердин ортосундагы белгиленген тартипти бузуу) негизинде кылмыш иши козголуп, учурда тергөө башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0