Баткенде айыл тургуну 15 кг нашаа менен кармалды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүПакеттеги нашаа. Архив
Пакеттеги нашаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда колго түшүрүлгөн адамга карата кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Баткендин Кадамжай районунда 15 килограмм нашаа менен айыл тургуну кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Жалал-Абаддын тургуну 250 миң сомдук нашаа менен кармалды
Ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын 10-май күнү саат 21:30да Кадамжай РИИБнын милиция кызматкерлери тарабынан Интернационал айылынын 35 жаштагы тургуну баңги заты менен колго түшүрүлгөн. Баңгизат ак капка салынып, 14 бөлүккө бөлүп оролгон.

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 247-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0