Өзгөндө фура менен кагышкан авариядан атасы менен кызы каза болду

Жазылуу
Hyundai Getz унаасында бир үй-бүлө келе жаткан. Көз жумган унаа ээсинин жубайы жана уулу ооруканага жеткирилди.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Өзгөн районундагы Бишкек — Ош жолунун 634-чакырымында МАN фурасы менен Hyundai Getz унаалары кагышып, андан бир үй-бүлөнүн эки мүчөсү каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги жол кырсыгынан 4 бала жабыркады
Маалыматка ылайык, кырсыктан Hyundai Getz автосунун ээси 43 жаштагы Шералы Маматов жана Шералы кызы Асел ооруканадан каза болушкан. Ал эми ошол эле унаада келе жаткан Шералы уулу Темирлан менен жубайы Каныкей оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Окуя болгон жерге келген куткаруучулар унаага кыпчылып калган адамды чыгарып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Учурда фуранын ээси такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0