Жалал-Абадда минивен менен май ташуучу унаа кагышып, эки жигит каза болду

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Минивендеги үч кишинин экөө каза болуп, бирөө ооруканага жеткирилди.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында Honda Stepwgn Spada менен DAF май ташуучу унаа менен кагышып, анын кесепетинен эки жаран каза болгонун ӨКМ билдирди.

Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги жол кырсыгынан 4 бала жабыркады
Кырсык кечээ, 10-май күнү эртең менен болгон. Бетме-бет кагылышуудан Honda Stepwgn Spada унаасынын айдоочусу, Кара-Кулжа районунун 24 жаштагы Жаныш уулу Нурсултан ооруканага жеткенде каза болсо, 22 жаштагы жүргүнчүсү Рысбек Каримов кырсык болгон жерде көз жумган. Дагы бир жүргүнчү 24 жаштагы Казакбай уулу Каныбек жаракат алып, Кара-Көл шаарынын ооруканасына жеткирилген. 

DAF май ташуучу унаасынын айдоочусу эч кандай жаракат алган эмес. 

Куткаруучулар каза болгон жана жаракат алган адамдарды автоунаалардан алып чыгышып, Тез жардам кызматынын унаасына салып беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0