Жалал-Абаддын бир катар райондорун сел каптады

© Фото / пресс-служба МЧС КРСел каптаган короо. Архив
Сел каптаган короо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда ӨКМ тазалоо иштерин жүргүзүп, жол каттамы ачылып, адистер селден тарткан зыяндын сумамасын эсептеп жүрүшөт.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Жалал-Абаддын Базар-Коргон жана Сузак райондорунун бир нече айылдары селден зыян тартып, суу турак-жайларды, чарбактарды каптаган. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

ӨКМ: Таластагы өсүмдүктөрдү катуу жааган мөндүр алды
Базар-Коргон районундагы Монгол айыл аймагынын Оганталаа айлында бүгүн таңда жүргөн сел ташкыны ички жолдорду, көпүрөнү, турак жайларды жана короо-сарайларды каптаган. Сел калдыктары Базар-Коргон — Кызыл-Үңкүр унаа жолун бууп калган. 

Учурда ӨКМ тазалоо иштерин жүргүзүп, жол каттамы ачылды. 

Ал эми Сузактын Кара-Дарыя айыл аймагындагы Ак-Мечит айылында түндө жааган нөшөрдөн улам сугат каналдан суу ашып, 7-8 үйдүн турак-жайларды каптап кеткен. 

Маалымат кызматы ӨКМдин тиешелүү адистерди селден тарткан зыяндын сумамасын эсептен жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0