Бишкектеги жол кырсыгынан 4 бала жабыркады

Жазылуу
Авариядан жабыркагандар беш жаштан тогуз жашка чейинки балдар болгон. Алардын баары бир машинада келе жатышкан.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Бишкектин Ибраимов жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде болгон жол кырсыгынан төрт бала жабыркаганын Тез жардам кызматынын кайра жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди.

"Авария тууралуу билдирүү саат 10.06да түшкөн. Үч унаанын кагылышуусунан беш жаштан тогуз жашка чейинки төрт бала жабыркаган. Алардын баары бир унаада келе жаткан", — деди ал.

Жеткинчектер шаардык балдар ооруканасына жеткирилди. Дарыгерлер алардын эти ооруп, баш мээси чайкалганын айтышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0