Сузакта мас киши эки баласын терезеден ыргытып, милиционерге кол салган

Жазылуу
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмыш иши козголуп, анын алкагында тергөө иштери улантылып жатат.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Сузак районундагы Курманбек айыл аймагынын 33 жаштагы тургуну мас абалында эки кичинекей баласын терезеден ыргытып, аны тынчтантууга келген милиционерге бензоараа менен кол салган. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, үйдүн Исламбек аттуу ээси күнүгө арак ичип, үй-бүлөсүнө кол көтөрүп, жанындагы коңшу-колоңуна тынчтык бербей келген. Туугандары тарабынан чакырылган милиция кызматкерин байкагандан кийин үйдү ичинен илип алып, эки баласын терезеден ыргытып жиберген. 

Капастагы ит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Багы жокко дагы жок: беш жигит таяктаган мас кишини ит талап кетти
Андан соң колуна бычак менен балта алып, өзүн өлтүрөм деп коркуткан. Жанындагы тууганы эптеп балта менен бычакты алууга үлгүргөн. Буга ого бетер жинденген мас киши бензоарааны иштетип, ушу маалда үйгө кирип келген милиция кызматкерине кол салган. Мындан улам милиционер колунан жаракат алып, формасы тытылган.

Үй ээси учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сот эми ага карата баш коргоо чарасын тандашы керек. Ал эми милиция кызматкери ооруканага кайрылууга аргасыз болгон. Бул боюнча сот-медициналык экспертизалар дайындалып, кылмыш иши козголду.

Анын алкагында ушу тапта тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0