Сузакта бөтөлкөлөшүн өлтүрдү деп шектелген жаран кармалды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКол кишенчен адам. Архив
Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтар боюнча эки жарандын ортосунда чыр чыккан.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагындагы Кара-Инген айылынан белгисиз жарандын сөөгү табылган. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Кылмыш изи сууй электе шектүү катары аталган айылдын 42 жаштагы тургуну кармалган.

Түндө эркек киши ыйлаган. Коңшулары үч аял өлтүрүлгөн окуя тууралуу айтып беришти
Милициянын маалыматына ылайык, каза болгон жаран 49 жаштагы жергиликтүү тургун болгон. Ал кырсык болор күнү 42 жаштагы шериги менен арак ичкен. Алдын ала маалыматтар боюнча алардын ортосунда чыр чыккан.

Окуя болгон жерге Сузак РИИБдин тергөө-оперативдик тобу жана Жалал-Абад ОИИБнын өкүлдөрү чыгышкан.

Учурда сот-медициналык, криминалистикалык жана биологиялык экспертиза дайындалган.

Шектүү жаран буга чейин да 5 жыл түрмөдө отуруп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0