Бишкекте төрт жаран өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасады

Жазылуу
Үч эркек менен бир кыз ар кандай ыкмаларды колдонуп, өз жандарын кыюуга аракеттенишкен.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Бишкекте бир сутканын ичинде төрт жаран суицид кылууга аракет жасагандыгы тууралууу Тез жардам кызматынан билдиришти. 

Өз жанын кыюуга жасалган аракеттер ар кайсы жерде катталып, бири-бирине тиешеси жок.

"Ош базарынын аймагында бир жаран өзүнө бычак сайган. Бирок оор жаракат алган эмес, ал ооруканага баруудан баш тарткан. Ал мас абалында болгон. Дагы бир жаран мойнуна бычак сайып, бирок оор жаракат алган эмес. Ал дагы мас абалында болгон. Андан сырткары дары ичип суицид кылууга аракет жасаган эки жаран катталды. Жабырлануучулардын бири кыз, экинчиси эркек", — деп Тез жардам кызматынан кошумчалашты. 

Маалыматка ылайык, дарыга уулангандар ооруканага жеткирилген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0