Нура айылында күчү 5 баллга жеткен жер титиреди

© AFP / FREDERICK FLORINСеймограф аппараты. Архив
Сеймограф аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер титирөөнүн очогу Тажикстанда орун алган.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Ош облусунун Алай районуна караштуу Нура айылынан 30 чакырым түндүк-чыгышынан алыстыкта күчү 6 баллга жеткен жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Сотрудники МЧС. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: Жер көчкү жүргөн Алмалуу-Булактан окуучулар эвакуацияланды
Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн саат 10:30дар чамасында болгон. Сейсмология институтунун билдиришинче жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында жайгашып, күчү алты баллга жеткен. Ал Эркечтам айлынан 25 чакырым түштүк-чыгышта жана Нура айылынан 30 чакырым түндүк-чыгышта орун алган. 

Жер титирөөнүн күчү Эркечтам, Нура, Икизяк айылдарында 5 балл, Кара-Киндик, Кичи-Караколдо 3-4 балл болуп сезилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жок.

Эмне үчүн жер титирөөлөр болорун Sputnik инфографикасынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0