Сузак районундагы жер көчкүнүн көлөмү 1,2 млн. куб метрге жетти

© Фото / пресс-служба МЧС КРСузактагы жер көчкү. Архив
Сузактагы жер көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги учурда жер көчкү активдүү экенин, Алмалуу суусун тосуп калуу коркунучу жогору экенин белгилейт.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жүргөн жер көчкү активдүү жылып жатканын ӨКМ билдирди.

Эскерте кетсек, 24-апрелге караган түнү Алмалуу-Булак айылынын Үч-Чат тилкесинде 1,2 миллион куб метрге жеткен жер көчкү жүрүп, мал сарайларды басып калган. Бир чабандын эч ким жашабаган үйүн жараксыз абалга келтирип, эки кишинин үйүнө кооптуу абал түзүлгөн.

"Ушу тапта жер көчкүнүн жылуусу активдүү, көчкү Алмалуу суусуна жетип, суунун нугун бир азга тосуп калган. Жер көчкү мындан ары дагы жылса, Алмалуу суусу толук тосулуп калышы мүмкүн. Бул мындан сегиз чакырым төмөн жакта жайгашкан 73 кожолугу бар Алмалуу-Булак айылына коркунуч жаратат", — деп айтылат билдирүүдө.

Кечээ ӨКМдин Сузак райондук бөлүмүнүн башчысы, өзгөчө кырдаалдарды божомолдоо жана мониторинг департаментинин башкы адиси жана Кызыл-Туу айыл аймагынын башчысы жеринде изилдешип, жер көчкүнүн кооптуулугу боюнча жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0