"Ак-Ордо" жаңы конушунда эки кабаттуу үй күйүп, бир киши каза болду

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүӨрт өчүрүү кызматкерлери. Архив
Өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык эмнеден улам келип чыкканы азырынча белгисиз бойдон калууда.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Бишкектин "Ак-Ордо" жаңы конушунда эки кабаттуу турак жай өрттөнүп, анын кесепетинен бир адам каза болгонун ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт тууралуу билдирүү бүгүн түнкү саат 03.31де түшкөн. Кырсык болгон жерге бир өрт өчүрүүчү унаа тартылган. Жалын толугу менен эки сааттан кийин, 5.26да өчүрүлгөн.

Каза болгон адам өлүкканага жеткирилип, учурда анын аты-жөнү жана кырсыктын себептери такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0