Чоочун кишилердин паспорттору менен Кыргызстандан чыгууга аракет кылгандар кармалды

© Sputnik / Александр Гейфман / Медиабанкка өтүүЧек ара посту. Архив
Чек ара посту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек арачылар тарабынан кармалгандар Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Чоочун адамдардын паспорттору менен Кыргызстандан чыгып кетүүгө аракет кылган эки жаран кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

"Кечээ, 22-апрелде "Ак жол" өткөрүү пунктунда чоочун паспорт менен Кыргызстандан Казакстанга өтүүгө аракет кылган жаран кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Жээнбеков "Актилек" пунктунун элди өткөрүү процедурасын жакшыртууну тапшырды
Ошондой эле "Манас" аэропортунун көзөмөл өткөрүү пунктунан башка паспорт менен өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган аял кармалган. Ал өзүнүн тууганынын паспортун алып жүргөнү аныкталган.

Андан сырткары Сокулук районундагы Арал айылында мамлекеттик чек араны бузган жаран кармалган. Ал Казакстандан келе жатканын айтып, паспортунун жарактуу мөөнөтү аяктагандыктан өтүүгө болбой турган жерден өткөн.

Кармалган жарандардын бары УКМКнын аймактык өкүлдөрүнө өткөрүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0