Операциядан кийин 15 жашар кыздын ичинен ийненин калдыктары табылды

© Sputnik / Жоомарт УраимовОперация. Архив
Операция. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейтапка өткөн жылдын октябрь айында сокур ичегисин алуу боюнча операция жасалган. Арадан төрт ай өткөн соң кыздын ичинде ийненин калдыктары калып калганы билинген.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Операциядан кийин 15 жашар кыздын ичинен ийненин калдыктары табылган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Ага ылайык, 2015-жылдын октябрь айында ичи ооруган бейтапка сокур ичегисин алуу боюнча операция жасалып, бир аптадан кийин үйүнө чыккан. 

Төрт айдан кийин, 2016-жылдын февраль айында аталган кыздын туугандары шаардык ооруканага кайрылып, операция жасалган кыздын жараатынан ийненин калдыктары чыгып жатканын айтышкан.

Операция комнатасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атактуу орус ырчысы Нюша жардам берген 1,5 жашар Айдарга операция жасалды
Рентген изилдөөлөрүнүн натыйжасында, кыздын ичинде ийнеге окшош калдыктар бар экени аныкталган. Дарыгерлер аталган кызга операция жасап, ийнеге окшогон төрт калдык алып чыккан. Мындан сырткары, кыздын туугандары анын ичинен 10 калдык алып чыкканын айтып, аларды дарыгерлерге тапшырган. 

Буга чейин үй шартында кыздын ичинен ийне калдыктарын алып чыгып жаткан видео интернетте тараган. 

Ал эми дарыгерлер операциядан кийин кыздын ичинде ийне калышы мүмкүн эмес экенин айтып, ар бир операциядан кийин пайдаланылган аспаптар каттоодон өтөрүн билдиришкен. Өз кезегинде медицина кызматкерлери кыздын ичинен алынган предметтер тигүү жаатында колдонуучу ийнелерге окшош экенин айтып чыгышкан. 

Аталган факты боюнча экспертиза жүргүзүлүүдө. Экспертизанын жыйынтыгына ылайык кийинки аракеттер көрүлөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0