Кошунасын аёосуз сабаган киши кармалды

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАрак куюп жаткан адам. Архив
Арак куюп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү жаран чырга арак себеп болгонун, ичип отуруп, экөө уруша кетип, өзүнөн 12 жаш улуу кишини аёосуз сабап салгандыгын милицияга айтып берген.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жайыл районунда кечээ 35 жаштагы адам бөтөлкөлөшүн сабап, ал ооруканага эстен танган абалда түшкөн. Бул туурасында Чүй облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сүйлөшүп жүргөн жигити бычактаган кыздын абалы оор
Дарыгерлер жабыр тарткан адамдын баш сөөгү талкаланып, мээси чайкалып, комага түшүп калганын айтышты.

Милиция ыкчам иликтөө иштерин жүргүзүп, Чүй облуусунун тургунун кармаган. Шектелип жаткан адам ооруканага түшкөн кишинин кошунасы болгон.

Ал милицияга чырга арак себеп болгондугун, ичип отуруп, экөө уруша кетип, өзүнөн 12 жаш улуу кишини айосуз сабап салгандыгын айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0