"Ак-Бата" конушунда жашаган аялдын үйүнөн 1,2 кг. нашаа табылды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүНашаа. Архив
Нашаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баңгизат окуучунун сумкасындагы пакетте сакталып келген. Учурда аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Бишкектин "Ак-Бата" жаңы конушунда жашаган 29 жаштагы аялдын үйүнөн 1,2 килограмм нашаа табылганын ИИМ билдирди.

Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖАМК: колонияда соттолгондордун 8 пайызы — баңгилер
Маалыматка ылайык, тинтүү учурунда окуучунун сумкасынан баштык табылып, андан ширеңкенин 74 кутусуна салынган баңгизат алынган. 

Бул боюнча Кылмыш жаза кодексинин 264-беренесинин (Баңгизатты даярдоо, сактоо, сатып алуу, ташуу) негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган аял Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда ишке тиешелүү адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0