Ошто кызганычтын айынан кызды бычак менен сайып салган жаран кармалды

Жазылуу
Учурда жабыркаган 24 жаштагы кыз реанимацияда жатат, абалы оор деп бааланууда.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Ош шаарынын Навои атындагы эс алуу багында таанышы менен сейилдеп жүргөн кызды бычак менен сайып салган 29 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ түштө болгон. Жай баракат таанышы менен басып келе жаткан кыздын жанына чуркап келип, аны мойнуна төрт, көкүрөк тушка эки ирет бычак урган. Жанындагы жигитке да кол салууга аракет кылган. Бирок ал качып кетүүгө үлгүргөн. 

Кулап калган жол белги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте эки кишини коюп кеткен айдоочу из суутуп кетти
Кылмышка шектүү жаранды милиция кызматкерлери Оштон Бишкекти көздөй жөнөп жаткан маалында кармаган. Тергөө учурунда кармалган Алай районунун Кызыл-Алай айылынын тургуну бардык кылмышты мойнуна алды.

Анын айтымында, мындай кадамга ал "кызганычтын айынан" улам барган. Көрсөтмөсү боюнча жабыркаган кызды жакшы көрүп аны менен мамиле түзүп жүргөн. Жигит бакка катып койгон бычакты да таап берген.

Учурда бычак жеген 24 жаштагы кыздын абалы оор, Ош шаардык оорукананын реанимация бөлүмүндө жатат. 

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жаран Ош ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0