Бишкекте эки кишини коюп кеткен айдоочу из суутуп кетти

© Sputnik / Жоомарт Ураимов Кулап калган жол белги. Архив
Кулап калган жол белги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаанын Жибек Жолу көчөсүнөн айдоочу эки кишини коюп кеткен. Ооруканага баратканда алардын бирөөсү каза болгон.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Эки кишини коюп кеткен айдоочу окуя болгон жерден изин жашырып, ал эми кырсыкка кабылгандардын бирөөсү ооруканага алып баратканда жолдон каза болгон. Бул тууралуу Тез жардам кызматынын кайра жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди.

Тез жардамга билдирүү шаршемби күнү кечинде түшкөн.

Кайгуул милициясы адам өмүрүн алган жол кырсыгын каттап калган видеону таратты
"Түнкү саат 4.10дор чамасында Жибек Жолу менен Үмөталиев көчөсүнүн кесилишинде жол кырсыгы тууралуу билдирүү түштү. Окуя болгон жерге барганда эки кишини коюп кеткенин аныктадык. Ал эми айдоочу качып кетиптир", — деди Борисов.

Жаракат алгандардын бирөө 25-30дар чамасындагы киши ооруканага баратканда каза болгон. 

Ал эми экинчиси 21 жаштагы жаран Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Анын мээси чайкалып, кабыргалары, жамбашы жана буту сынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0