Кара-Балтада иниси агасын бычактап өлтүрдү

Жазылуу
25 жаштагы жаран жасаган кылмышын мойнуна алган.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кара-Балта шаарынын 25 жаштагы тургуну 38 жаштагы агасын бычактап өлтүргөн. Бул тууралуу Чүй ИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Оорукана кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өз жанын кыйып дарыгерлер сактап калган өспүрүм каза болду
Ага ылайык, 19-апрелде саат 03.30тар чамасында агасы инисинин үйүнө конокко келип, арак ичишкен. Алардын ортосунда чыр чыгып, иниси агасын бычак менен сайган. Ал окуя болгон жерден каза болгон.

Кырсык болгон жерге Чүй облустук Кайгуул кызматы келип, 25 жаштагы жаранды кармашкан.

Алгачкы тергөө маалында ал жасаган кылмышын толугу менен мойнуна алган. Жаранга кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси "Адам өлтүрүү" боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0