Аламүдүндөгү көрүстөндү вандалдар талкалап кетти

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүРусское кладбище в Бизерте
Русское кладбище в Бизерте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү калк вандалдар мүрзөлөрдү эки күн бою талкалоого алышканын билдиришкен.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Вандализм фактысы Аламүдүн районуна караштуу Октябрь айылында катталды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. 

Карыган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өлгөнгө шарт жок. Кыргызстанда сөөк көмүү канча турат
Айылдын тургундары милиция кызматкерлерине вандалдарга каршы чара көрүүнү суранышкан. Алдын ала маалымат боюнча, 17-19-апрель аралыгында христиандардын мүрзөсүндөгү тосмолор талкаланып, эстеликтер кулатылган. Канча мүрзө жабыркаганы азырынча белгисиз. 

Милиция кызматкерлери шектүүлөрдү аныкташты. Учурда аларды кармоо боюнча ыкчам иштер жүрүп жатканы маалыматта белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0