Өз жанын кыйып дарыгерлер сактап калган өспүрүм каза болду

Жазылуу
Бишкек шаарында 3-апрель күнү өспүрүмдүн өз үйүндө асынып алгандыгын туугандары көрүшкөн. Тез жардам кызматынын дарыгерлери жардам көрсөтүп, өмүрүн сактап калган эле.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Өз өмүрүнө кол салган 15 жашар өспүрүм каза болгондугу тууралуу Тез жардам станциясынын реанимация бөлүмүнүн жетекчиси Егор Борисов билдирди.

Бишкек шаарында 3-апрель күнү өспүрүмдүн өз үйүндө асынып алгандыгын туугандары көрүшкөн. Тез жардам кызматынын дарыгерлери келген учурда анын жүрөк согуусу токтогон, бирок доктурлар жардам көрсөтүп, өмүрүн сактап калышкан.

Ал №3 шаардык балдар ооруканасына реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Арадан эки апта өткөн соң комада жаткан өспүрүм каза болуп калды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0