БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Кемин районундагы Алмалуу айыл өкмөтүнүн кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганы аныкталды деп билдирди УКМКнын маалымат кызматы.
Маалыматка караганда, Алмалуу айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Суу айылында Өмүралиев атындагы орто мектептин чатырын оңдоодо мамлекетке 1 миллион 248 миң сом зыян келтирилген.
Жыйынтыгында мамлекетке 1 миллион 248,1 миң сом зыян келтирилгени тастыкталган.
Бул факты боюнча Алмалуу айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 304- беренесинин ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 306- беренесинин ("КРдин кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу") негизинде кылмыш ишин козгоду.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.