Бишкектеги соода борборунун бириндеги ажатканада айымдын боюнан түшүп калды

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүЫмыркай колу. Архив
Ымыркай колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
42 жаштагы айымдын алты айлык боюнда болгон.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Борбор калаадагы Аламүдүн базарынын жанындагы соода борборунун биринин ажатканасында айымдын боюнан түшүп калды. Бул тууралуу тез жардам станциясынан билдиришти.

"42 жаштагы айымдын төрөп жатканы тууралуу билдирүү эртең менен түшкөн. Тез жардам кызматынын дарыгерлери окуя болгон жерге барып, "Табылга" дүкөнүнүн ажатканасында айымдын боюнан түшүп калганына күбө болушкан", — деп айтылат маалыматта.

Ымыркай алты айлык болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0