Мейманкананын администраторун сабап, эмеректерин талкалаган жаран кармалды

Жазылуу
Кармалган жаран 13-апрель күнү кечинде мейманканага мас абалында кирип, эмерек, идиш-аяктарды талкалап, администратордун ден-соолугуна залал келтирген.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Чүй облустук Кайгуул милициясы тарабынан мейманканада ызы-чуу салып, администратор менен урушкан 25 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. 

Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыкты өлтүрүүгө шектелип Россиянын жараны тааныштары менен кармалды
Ага ылайык, Москва районунун ички иштер башкармалыгына мейманкананын ээси арыз менен кайрылган. 

Жабырлануучу 13-апрель күнү 19:30да мейманканага мас абалында 25 жаштагы жаран кирип, эмерек, идиш-аяктарды талкалап, администратордун ден-соолугуна залал келтиргенин айткан. 

Арыздын негизинде милиция кызматкерлери 25 жаштагы кылмышка шектүү жаранды кармашты. 

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0