Россияда эки киши өлтүрүп, 19 жыл бою Кыргызстанды баш пааналап жүргөн жаран кармалды

Жазылуу
Кылмышка шектүү жаран Ысык-Ата районунда жашап келген. Ал эки жолу паспорт алмаштырганга жетишкен.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Ысык-Ата районунун Киргшелк айылында үч аялдын өлтүрүлүшү боюнча иликтөө иштеринин жүрүшүндө 19 жыл мурун жасалган оор кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Арак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мас болуп таанышын өлтүрө сабап салган жаран кармалды
Маалыматка ылайык, 1997-жылы Россиянын Алтай крайында Ысык-Көлдүн Түп районунда төрөлгөн 1975-жылкы Евгений аттуу жаран эки кишини бычактап өлтүрүп качып кеткен. Ага издөө эки жыл өткөндөн кийин гана жарыяланган. 

19 жылдан бери кылмышкер Кыргызстандын аймагында жашырынып, Ысык-Ата районунда жашап келген. Аты-жөнүн эки ирет алмаштырганы айтылууда. 

Текшерүү маалында анын үйүнөн 25,5 грамм марихуана табылган. 

Тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп, учурда аталган жарандын иши боюнча иликтөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0