ӨКМ: жатаканадагы өрттөн улам 14 адам ооруканага жеткирилди

© пресс-служба МЧС КРӨрт чыккан жатаканадагы тез жардам автоунаалары.
Өрт чыккан жатаканадагы тез жардам автоунаалары. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт өчүрүүгө эки унаа тартылган. Алдын ала маалыматтар боюнча өрт имараттын биринчи кабатында чыккан.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жатаканасында өрт чыгып, андан 14 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Март айында өрттөн канча киши куткарылганын ӨКМ билдирди
Ага ылайык, бүгүн 11-апрелде саат 11:51де "101" кыска номуруна 8-кичи районундагы студенттик жатаканада өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. 

Өрт өчүрүүгө эки унаа тартылган. Алдын ала маалыматтар боюнча өрт имараттын биринчи кабатында чыгып, 80 метр квадрат жерди камтыган. 

Тез жардам кызматы 14 адамды ооруканага алып кетти.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук өрт өчүрүү кызматынын жетекчиси Максат Бейшеев тилсиз жоону өчүрүүгө 45 мүнөт кеткенин билдирди. 

"Кырсыктан улам студенттер арасында ызы-чуу башталып кетти. Заматта жатакананы түтүн каптап чыкты. Дароо студенттерди имарат ичинен алып чыгууга кириштик", — дейт Бейшеев. 

Өрт 12:59да толук кандуу өчүрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0