Улуттук онкология борборунун жетекчилиги мамлекетке 2,5 млн сом зыян келтирген

Жазылуу
Улуттук онкология борборунун жетекчилиги аталган борбордун оңдоп-түзөө иштерин жасоо үчүн мыйзам бузуу менен тендер өткөрбөй туруп 5,1 миллион сомго "Отделочник" компаниясы менен келишим түзгөн.

БИШКЕК, 11-апр. —Sputnik. Улуттук онкология борборунун жетекчилиги кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке 2,5 миллион сом зыян келтирген деген айып коюлуулуда. Бул тууралуу Финансы полициясы билдирди. 

Алтын казуу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ала-Букада мыйзамсыз алтын казган ишкана айып төлөөдөн баш тартууда
Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык Финансы полициясы Эсеп палатасы менен биргеликте Улуттук онкология борборун текшерген. Анын натыйжасында жетекчилик аталган борбордун оңдоп-түзөө иштерин жасоо үчүн тендер өткөрбөй туруп 5,1 миллион сомго "Отделочник" компаниясы менен келишим түзгөнү аныкталган. Мындан сырткары, тендерсиз 3,5 миллион сом суммага келишим түзгөн. 

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекетке 2,5 миллион сом зыян келгени аныкталган. 

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 304-беренеси (кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0