Ноокатта каңдооч чырак жарылып, үч адам жабыркады

Жазылуу
Учурда жабыр тарткандарга медициналык жардам көрсөтүлдү.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Оштун Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүндө каңдооч чырак (паяльник) жарылып, үч адам күйүк алганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык кесепетинен аны менен иштеп жатышкан 41 жаштагы Жыргалбек Сарыбаевдин денесинин 55 пайызы күйсө, 32 жаштагы Самарбек Абдилов менен 25 жаштагы Жамалдин уулу Нурбектин денесинин 12 пайызын күйүк алган.

Жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0