Милициядан эки машина катары менен бир кишини коюп кеткен окуянын чоо-жайын айтып беришти

© Sputnik / Жоомарт УраимовЛебединовка айылындагы Жибек-Жолу көчөсүндөгү болгон жол кырсыгы.
Лебединовка айылындагы Жибек-Жолу көчөсүндөгү болгон жол кырсыгы. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Лебединовка айылында бир эле киши эки автоунаанын алдында калган.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Окуя жума күнү көз байланган маалда, саат 20.00 чамасында Лебединовка айылындагы Жибек-Жолу көчөсүндө жөө киши өткөн тилкеде болгон. 

Автоунаа алдында калган киши алган жаракатынан улам, ошол жерде жан берген

Бишкектеги Кайгуул милициясынын башкармалыгынан кырсыктын кандайча болгонун билдиришти.

"Lexus LX 470 унаасынын айдоочусу Жибек-Жолу көчөсү менен Батышты көздөй бара жатып жолдон өтүп жаткан жөө адамды коюп кеткен. Жолдун экинчи жагына ыргып түшкөн кишини жолдун каршы тарабына келе жаткан Audi А4 үлгүсүндөгү автоунаа тебелеп кеткен",— дешти алар.

Ал жердеги күбөлөр жол кырсыгы нөшөрлөп жааган жаандан улам болгондугун айтышкан.

Каза болгон жана 22 жашта болгондугун аныкталды. Ал эми эки автоунаа тең айып короосуна киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0