Үч унаа берем деп Mercedes-Benz G-Class машинасын алдап алып кеткен шылуун кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековҮч унаа берем деп Mercedes-Benz G-Class машинасын алдап алып кеткен шылуун кармалды
Үч унаа берем деп Mercedes-Benz G-Class машинасын алдап алып кеткен шылуун кармалды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алып кеткен унаанын ордуна ал Lexus LX 570, Lexus LX 470 жана Mazda Tribute машиналарын алып келип бермекчи болгон.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Ордуна үч унаа берем деп бирөөнүн Mercedes-Benz G-Class машинасын алып сатып жиберген шылуун кармалганын Бишкек ШИИБ билдирди.

Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сузакта бирөөнүн 22 миң долларлык унаасын айдай качкан депутат колго түштү
Маалыматка ылайык, окуя 5-февраль күнү болгон. Бишкектин тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда чала тааныш жаран Mercedes-Benz G-Class унаасынын ордуна бир апта ичинде Lexus LX 570, Lexus LX 470 жана Mazda Tribute машиналарын алып келип берем деген убадасын аткарбай жатканын айткан.

Мындан улам унаа ээсине 6 миллион сом зыян келтирилген. Ал эми шылуун аталган унааны башка бирөөлөргө сатып жибергени аныкталган.

Иликтөө иштеринин натыйжасында Бишкектин 26 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0