Кайгуул милициясы атасын өлтүргөн жаранды кармады

© AFP / Jose CABEZAS Кишен. Архив
Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үйдү тинтүүдө ашканадан мойнуна жана көкүрөк тушуна бычак урулган жансыз дене табылган. Иликтөөнүн натыйжасында уруша кетип, атасын баласы бычактап салганы аныкталган.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кайгуул милициясынын кызматкерлери атасын бычактап салган 39 жаштагы жаранды кармады. Бул тууралуу ИИМ билдирүүдө. 

Маалыматка ылайык, Сокулуктун Военно-Антоновка айылында болгон кылмыш тууралуу билдирүү милицияга бүгүн саат 11.03тө келген. Окуя болгон жерге келген Кайгуул милициясы үйдүн огородунда колу канга боёлуп таңылган жаранды аныктаган. Укук коргоо орган кызматкерлерин көрүп шектүү жаран качууга аракет кылган. 

Жоголуп кеткен чек арачы Бексултан Бааридинов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жоголуп кеткен чек арачынын апасы: уулумду өлтүрүп же сатып жиберишкен
Үйдү тинтүүдө ашканадан мойнуна жана көкүрөк тушуна бычак урулган жансыз дене табылган. Иликтөөнүн натыйжасында уруша кетип, атасын баласы бычактап салганы аныкталган.

Сөөк өлүкканага жеткирилип, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Кармалган жарандын аталган кылмышка тиешеси бардыгын далилдеген буюмдар алынды. 

Атасынын канына забын болгон жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0