Жалган фирма ачкан ишкер менен байланышы бар ишканаларга 100 млн. сомдук салык чегерилди

Жазылуу
Кубанычбек Рысбаев 13 жылдын аралыгында 14 жалган ишкана ачып, бирок эч кандай салык төлөбөй келген.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. 14 жылдын ичинде 13 жалган фирма ачып, мамлекетке 400 миллион сом зыян алып келген Кубанычбек Рысбаевдин ишканалары менен байланышы бар 119 субъект текшерилип, аларга кошумча салык чегерилгенин Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Погонду тигип жаткан кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кафенин эки мас кардары чуу салып, келген милиционерлердин погонун жулуп алышты
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн натыйжасында чегерилген 101,6 миллион сомдун 5,5 миллиону өндүрүлдү.

Эскерте кетсек, Салык кызматы 2015-жылдын ноябрь айында Рысбаевдин мыйзамсыз киреше алуу максатында жалган фирмаларды ачып алардын жардамы менен мыйзамсыз ишкердик кылганы жана салык төлөөдөн качып, өлкө бюджетине зор зыян келтиргени аныкталган. 

Аталган фирмалар эч кандай товар жеткирбестен эле жалган эсеп-фактураларын тапшырып, салык төлөөдөн качып келген. Реестрлерде алар нөлдүк көрсөткүчтөр же анча-мынча суммаларды көрсөтүү менен чагылдырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0