Терезеден ыргытылган бычак эшикте жүргөн баланын башына сайылып калган

Жазылуу
Учурда бөбөк ооруканадагы кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Тергөө иштери окуянын кандай болгонун аныктап чыкмакчы.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Башкыртстандын Уфа шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин терезесинен ыргытылган бычак эшиктеги үч жашар бөбөктүн башына сайылып калган. Бул туурасында Башкыртстандын ИИМи билдирет.

"Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, бычакты ким ыргыткандыгы аныктала элек. Учурда бала шаардык оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат", — деп билдиришти ИИМден.

ИИМдин маалымат берген өкүлү бөбөктүн абалы кандай экендигин айта алган жок. Учурда милиция бычакты терезеден ким жана эмне үчүн ыргыткандыгын иликтеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0