Екатеринбургда жоголгон 13 жашар Айганышка окшош кыздын сөөгү табылды

© Генеральное консульство КР в ЕкатеринбургеЕкатеринбургда жоголгон 13 жаштагы Айганыш Канат кызы. Архив
Екатеринбургда жоголгон 13 жаштагы Айганыш Канат кызы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин энеси Анара Молдобазарова боор этинен чыккан баласын айласыздан акча табууга жибергенин билдирген.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Екатеринбургда жоголгон 13 жаштагы Айганыш Канат кызына окшогон кыздын сөөгү табылып, аны таануу үчүн туугандары аталган жерге жөнөп кетти. Бул тууралуу КРдин Екатеринбургдагы башкы консулу Төлөнбай Кожобаев билдирди. 

"Бизге жеткен маалыматтар боюнча жоголгон Айганыш Канат кызына окшогон кыздын сөөгү табылган. Аны тактоо үчүн сөөк табылган жерге туугандары чыгып кетти", — дейт Кожобаев. 

Экспертиза. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: Екатеринбургда жоголуп кетти делген Айганыштын өлүмүнүн себеби аныкталды
Буга чейин энеси Анара Молдобазарова боор этинен чыккан баласын айласыздан акча табууга жибергенин билдирген

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 4-январында Екатеринбург шаарында жашап жаткан кыргызстандык өспүрүм Айганыш Канат кызы кечинде дүкөнгө чыгып кеткен бойдон үйгө кайрылып келген эмес. Өспүрүмдү энеси Ош облусунун Мырзаке айылынан тааныштарынын үйүнө бала багуу үчүн жиберген.

Жаңылыктар түрмөгү
0