Бишкекте асынып калган 15 жашар баланы дарыгерлер аман алып калышты

Жазылуу
Жабырлануучу эсине келе элек. Ал балдардын шаардык клиникалык ооруканасына жеткирилди.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Бишкекте 15 жашар өспүрүм асынып алганын Тез жардам станциясынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди.

Ымыркай жана соска. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте 15 жаштагы окуучу кыз төрөдү
Ага ылайык, тез жардамга өспүрүмдүн асынып алгандыгы тууралуу маалыматты анын туугандары кабарлаган. Дарыгерлер келген учурда баланын жүрөгү сокпой калган. Реанимациялык иш-чаралардан кийин жашоо белгилери байкала баштаган өспүрүмдү дарыгерлер ооруканага алып келишкен. 

Алдын ала маалыматтар боюнча 15 жаштагы бала бул кадамга үйүндөгүлөр менен уруша кеткенден кийин барган. 

Жабырлануучу эсине келе элек. Ал балдардын шаардык ооруканасына жеткирилди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0