Аңчылык мылтыгы менен чек араны бузган КР жараны кармалды

© REUTERS / Mukesh Gupta/FilesЧек ара. Архив
Чек ара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү документтер толтурулган соң ага административдик айып салынган.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Мамлекеттик чек ара кызматы Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Шаркыратма аймагынан чек ара режимин бузган КР жаранын кармады. Бул тууралуу аталган кызмат билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргыз жаранынын жанында мергенчилик кылууга уруксаты болгону менен чек ара аймагына чейин келүүгө жол берген тийиштүү документтери жок болуп чыккан. Анын жанынан 16 мм. калибирлүү мылтык жана анын 15 даана огу болгон.

Тийиштүү документтер толтурулган соң ага административдик айып салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0