Миллиондоп мыйзамсыз киреше тапкан эки ишкерге кылмыш иши козголду

Жазылуу
Учурда аталган ишкерлердин үстүнөн козголгон кылмыш иш тергелип жатат.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Чүйдө миллиондоп мыйзамсыз киреше тапкан эки ишкерге кылмыш иши козголгонун Финансы полициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жарандар эч кандай уруксат берүүчү документтерсиз Кытайдан Кыргызстанга товар ташуу менен алектенип келишкен. Мында биринчиси 9 миллион сомго ээ болсо, экинчисинин кирешеси 6,8 миллион сомду түзгөн. 

Учурда козголгон кылмыш ишти тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0