Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү жаранды кыйнаган деп айыпталууда

Жазылуу
Соттук медициналык экспертиза жабырлануучунун ден-соолугуна оор эмес залал келтирилген деген тыянак чыгарган.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Ысык-Ата райондук убактылуу кармоо жайынын кызматкерлери кармалган жаранды кыйноого алган деп шектелишүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет. 

Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорттору жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын паспорту болсо таңкасың, болбосо... же Россиядагы КР паспортунун кадыры
Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 7-мартында Чүй облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан кармалган жаран Ысык-Ата райондук убактылуу кармоочу жайга өткөрүп берилген. Төрт күндөн кийин аталган жаран №21 жаза өтөө жайына алып келгенде ден-соолугунун начарлыгына байланыштуу кайра артка кайтарылган. 

Соттук медициналык экспертиза кылмышка шектүүнүн ден-соолугуна оор эмес залал келтирилген деген тыянак чыгарган. 

Аталган факт боюнча Кылмыш жазык кодексинин 305-беренеси (кыйноо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0