БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Кечээ Ош облусунун Алай районунда магнитудасы үч баллга жеткен жер титирөө катталганын ӨКМ билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, силкинүү кечээ, 31-мартта саат 21.33тө катталган. Анын очогу Бор-Дөбө айылынан 13, Сары-Таш айылынан 25 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Калктуу пункттарда жердин титирөөсү 2,5 баллдык болуп сезилген. Силкинүүдөн жабыр тарткандар катталган эмес.